Четверг, 25 апреля

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

0

Бүгүн 5-июнга карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара  кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Мекемеден кабарлашкандай, түнкүсүн эч кандай инцидент катталган жок. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Чек ара кызматынын аймакта жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдады. Кырдаал курчугандан улам Чоң-Алайдын чек аралаш аймактагы бир нече айылдары ичкериге эвакуацияланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз