Четверг, 25 апреля

Кыргызстанда 2 миң 546 адам коронавируска каршы эмдөө алды

0

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 2 миң 546 адам өттү. Алардын ичинен 1 миң 735ине экинчи доза сайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 86 миң 883 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 42 миң 29у вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

— Бишкекте – 21 миң 306;

— Ошто – 6 миң 932;

— Чүй облусунда – 14 миң 413;

— Ош облусу – 11 миң 859;

— Ысык-Көл облусу – 8 миң 200;

— Талас облусу – 4 миң 315;

— Нарын облусу – 4 миң 506;

— Жалал-Абад облусу – 11 миң 541;

— Баткен облусу – 3 миң 811.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Орусиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз