Суббота, 20 апреля

Жапаров Эрдоган менен жолугушат

0

Президент Садыр Жапаров 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өтөт.

Расмий иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бизнес-форумга да катышат.

Ошондой эле ал Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз