Четверг, 25 апреля

Сот системасы реформаланат

0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Кеңештин милдеттери, сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматтар угулду, алардын презентациялары болду.

Садыр Жапаров Кеңештин алдында иштеп жаткан кылмыш, жарандык, административдик жана аткаруу кодекстериндеги укуктук боштуктарды жана коллизияларды четтетүүгө багытталган сунуштарды талдоо жана иштеп чыгуу үчүн атайын эксперттик жумушчу топ түзүлгөнүн айтты.

Эксперттик топту Башкы прокурор Курманкул Зулушев жетектемекчи. Эксперттер сот системасынын жана сот өндүрүшүнүн эң актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү боюнча мыйзам долбоорлорун даярдашты. Аларга сот реформасынын бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча талдоолор жасалып, сунуштамалар берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз