Пятница, 26 апреля

Бабановдун тарапташтары Таласта чогулду

0

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Талас шаарында митингге чыгышты.

Кечээ кечке жуук Талас облустук музыкалык драма театрынын алдына жүздөгөн адам чогулган. Алар Бабановду абактан чыгарууну талап кылышты. Колдоруна «Бабановго боштондук!», «Бабанов — эл сыймыгы», «Бабанов Кумтөрдүн жерин кайтарган. Ал патриот» деген чакырыктарды көтөрүп турушту

Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабанов Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, 2-июнь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз