Пятница, 26 апреля

Инанды түрк элчилигинде деген маалымат чет жактан таратылган

0

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги табылбай жаткан Орхан Инанды дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратында эмес деген маалымат берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Абдиев бул маалымат боюнча Тышкы иштер министрлигине сурам жөнөтүлгөнүн айтты. Мындан сырткары, Инандынын элчиликтин имаратында экенин ким айтканын тактоо үчүн Рейхан Инанды менен да сүйлөшүү болгонун кошумчалады.

«Тилекке каршы, мындай маалыматты алар башка мамлекеттен алышкан. Биз бул маалымат булагы менен сүйлөшө алган жокпуз. Түркиянын элчилиги Орхан Инанды алардын имаратында эмес экенин айтты «, — деди Абдиев.

Ал Орхан Инанды башка документ менен Кыргызстандан чыгып кетти деген имиш болгондуктан Интерпол аркылуу Россия жана башка мамлекеттерге багыттама берилгенин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз