Пятница, 26 апреля

Эрдоган: ФЕТО Кыргызстан үчүн да, Түркия үчүн да коркунучтуу

0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда террордук уюмдар менен күрөшүү маселелерин талкуулаганын билдирди.

Эрдоган «ФЕТО уюмунун эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу урматтуу бир тууганым менен пикирдешпиз. Соңку саясий көйгөйлөр ФЕТОнун караңгы, кандуу жана суук «жүзүн» ортого салды. Буюрса бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул маселени бирге жеңебиз. Урматтуу президентке Түркиянын кыргыз элине жана өкмөтүнө болгон колдоосун дагы бир жолу баса белгиледим. Саясий туруктуулукка карай жасалган ар бир кадамында биз Кыргыз мамлекетинин жанындабыз», — деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз