Суббота, 20 апреля

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту

0

Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринин финалында каршылашын 7:1 эсеби менен жеңип, алтын тагынды.

Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

62 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Тыныбекова финалда канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен кармашып, утуп алган.

Чейрек финалда кыргызстандык балбан орусиялык Любовь Овчарова менен кез келген. Беттештин биринчи бөлүгүндө 2:8 эсебинде утулуп жатып, экинчи үч мүнөттүктө эсепти адегенде 10:8ге өзгөрткөн. Көп өтпөй атаандашынын далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.

Жарым финалда дагы бир россиялык балбан Светлана Липатова менен чыгып, 3:1 эсебинде уткан. Бул жеңиш менен кыргыздын балбан кызы финалга чыкты.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы да аталган мелдештин чемпиону болгон. Финалда ал орусиялык спортчу кыз Анжела Фоменкону жеңген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз