Пятница, 26 апреля

Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт

0

Түркия Кыргызстанга гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин президент Садыр Жапаровдун Түркиядагы иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу берген билдирмесинде кабарлады.

“Президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу — эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш. Эки өлкөнүн лидерлери бири-бирин колдоого алып, тет-а-тет жана кеңейтилген форматтагы жолугушууларды өткөрүштү”, — деп келтирилет Казакбаевдин сөзү президенттин сайтында.

Билдирмеде, канча жардам болору жана эмне берилери так айтылган жок. Мурдараак кыргыз президенти Түркиядан аскердик жардам сураганы расмий маалымдалган. Анда Түркия тараптын жообу белгиленген эмес болчу.

Министр Руслан Казакбаевдин айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташуу кеңешинин 5-жыйынында, эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери талкууланды. Анын жыйынтыгында саламаттык сактоо, айыл чарба, маданият, спорт, жаштар саясаты жана автордук укуктарды коргоо жаатында эл аралык деңгээлдеги сегиз документке кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз