Пятница, 19 апреля

Москва шаарында кайрадан чектөөлөр киргизилди

0

Москва шаарында коронавирустун жаңы штаммы тарап жаткандыктан кайрадан чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собяниндин жарлыгында мааалымдалды.

Документке ылайык, Москвада 15-19-июнь күндөрү эс алуу жарыяланды. Анын алдындагы дем алыштарды эске алганда Москва шаарында 9 күн бою (12-20-июнь) иштешпейт. Ошондой эле шаар бийлиги ишканаларда кызматкерлердин 30 пайызын аралыктан иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

«Вирустун жаңы штаммдары табылууда. Шаарда эпидемиологиялык абал курчуп, мурда белгиленген жогорку чекке жетип бара жатат. Акыркы сутка ичинде эле өлкөдө 13 510 адамдан вирус аныкталды. Анын 6 миңден ашыгы Моксва шаарында жашагандар», — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле зоопарк, түнкү клуб, караоке, балдар аянтчалары, тамактануу жайларында иштөө убактысы боюнча чектөөлөр киргизилди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз