Пятница, 22 ноября

КСДП: Партиянын 6-апрелге белгиленген съездин болтурбай коюуга аракеттер көрүлүүдө

0

Социал-демократтар партиясынын 6-апрелге белгиленген съездин болтурбай коюуга аракеттер көрүлүүдө. Бул туурасында КСДП басма сөз кызматынан билдиришти.
«Партияны бөлүп-жарууну көздөп жаткандар 6-апрелге белгиленген кезектеги съездди болтурбай коюунун аракетин көрүп, андан 3 күн эрте өздөрүнүн «съездин» чакырганы жатышыптыр. Бирок, мыйзамдуу съезддин делегаттары жергиликтүү партиялык уюмдардан шайланып келери мээлерине кеч жеткен окшойт. Андыктан, эми партиянын борбордук аппаратындагылар тааныбаган кайсы-бир Көлбаев дегендин атынан шашылыш түрдө жергиликтүү партиялык уюмдарга тез арада андай конференция өткөрө калуу катын жолдоп жатышыптыр. Муну менен партия мүчөлөрүнүн башын айлантып жатышат», -деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, КСДПнын мыйзамдуу съезди 6-апрель күнү өтөт. Уюштуруучу комитеттин төрагасы — Алмазбек Атамбаев.
«Партиядагы жолдошторду провокацияга алдырбоого жана КСДПнын өткөн съездинде мыйзамдуу шайланган Саясий кеңештин чечимин аткарууга үндөйбүз», -дешет партиядан.
Булак: april.kg

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз