Пятница, 20 сентября

Түркия менен Орусия Талль-Рыфатты чогуу кайтарууда

0

Орусиялык жана түркиялык аскерлер Талль-Рыфатта биргелешкен башкаруудагы күзөт жүргүзүштү.

Түркия менен Орусиянын аскер-аба күчтөрү шейшемби күнү, 26-мартта Сириянын Талль-Рыфат районунда алгачкы ирет көзкарандысыз биргелешкен күзөт жүргүзүштү.

Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги Twitterдеги өз баракчасында билдирди. Түркиянын Коргоо министрлиги өз сайтында Сирияны күзөтүүгө катышкан бронетехниканын сүрөтүн жарыялады. “Түркия менен Орусиянын аскер-аба күчтөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында алгачкы ирет сириялык Талль-Рыфат районунда Түркиянын аскердик позициясына кол салууну ооздуктоо жана бейпилдикти камсыз кылуу үчүн көзкарандысыз күзөт жүргүзүлдү”,- деп айтылат коргоо ведомствосунун маалыматында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз