Суббота, 18 мая

Москвада мигранттарды коронавируска каршы эмдөө июлда башталат

0

Москвада июль айынын башында мигранттарды коронавируска каршы эмдөө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин өзүнүн блогуна жазды.

Анын айтымына караганда, вакцинацияга «Спутник Лайт» препараты колдонулушу ыктымал.

«Өткөн жылы биринчи кезекте Орусиянын жарандарын эмдөөдөн өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Чектөөлөр ушуга гана байланыштуу. Учурда «Спутник Лайт» даярдала баштады. Негизи бул «Спутниктин» биринчи классикалык компоненти. Аталган препарат менен мигранттарды эмдөөгө уруксат алууну көздөп жатабыз. Биздин эсеп боюнча эмдөө июлда башталат», — деди Собянин.

Орусиянын ИИМинин 2020-жылдагы декабрь айына карата алынган маалыматы боюнча, өлкөдө алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз