Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалган.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 470, Ош шаарында – 113, Чүй облусунда – 100, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 7, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 76, Баткен облусунда – 32 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 404 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 175, Ош шаарында – 46, Чүй облусунда – 84, Ош облусунда – 30, Талас облусунда – 4, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда – 9 адам», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 285 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 323 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 501 бейтаптын абалы орто оордукта, 664 адамдын абалы оор жана 101 бейтап өтө оор абалда жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 114 миң 300 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 104 миң 706 киши айыгып чыкса, 1 миң 925 адам каза болду.