Понедельник, 13 мая

УКМКнын карамагындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы антикоррупциялык кызмат (АКС) жоюлат. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы даярдалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукканда айтты.

“Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат”, — деди Жапаров.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 14-октябрда «2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлган болчу. Бирок былтыр октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун бул жарлыгын жокко чыгарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз