Понедельник, 13 мая

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырды

0

Бишкек шаардык соту ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты.

Эскерте кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров Кумтөр иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде шектелип, 31-июлга чейин камакка алынган болчу. Депутаттардын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, шаардык сотко кайрылган.

Бүгүн сот имаратынын алдына эл өкүлдөрүнүн 100гө чукул тарапташы чыгып, аларды бошотууну талап кылышкан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз