Понедельник, 13 мая

Кытай чек ара чектөөлөрүн 2022-жылдын ортосуна чейин узартты

0

Кытай коронавирус (Ковид-19) чараларынын алкагында киргизген чек ара чектөөлөрүн кийинки жылдын ортосуна чейин узартууну чечти.

«Wall Street Journal» гезитинин кабарына ылайык, Кытайдын саламаттык сактоо жетекчилери мындай чечимди Ковид-19дун жаңы варианттарынан улам кабыл алышты.

Кытайда акыркы 24 сааттын ичинде 25 жаңы учур аныкталса, жалпы бейтаптардын саны 91 миң 629га жетти.

Өлкөдө эпидемия башталгандан бери 4636 адам каза болду.

Экинчи жагынан Кытай 1 миллиард 50 миллион доза менен эң көп Ковид-19 вакцинасы сайылган өлкө болду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз