Вторник, 14 мая

Сутка ичинде коронавирус 822 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 822 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 300, Ош шаарында – 70, Чүй облусунда – 207, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 9, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 80, Баткен облусунда – 42 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 475 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 183, Ош шаарында – 118, Чүй облусунда – 54, Ош облусунда – 70, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусу – 6, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16 адам», — деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 1, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 604 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 626 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 664 бейтаптын абалы орто оордукта, 801 адамдын абалы оор жана 100 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 118 миң 106 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 106 миң 858 киши айыгып чыкса, 1 миң 958 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз