Понедельник, 13 мая

Кыргызстанда жашылча-жемиштердин баасы 16,4%га кымбаттады

0

Үстүбүздөгү жылы июнда май айына салыштырмалуу республика боюнча жашылча-жемиштердин баасы 16,4%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Сабиз 58,4%, картошка 36,3% кымбаттады. Бышыкчылык мезгили экенине карабай, мөмө-жемиштердин баасы 6,4% өскөн.

Коронавирус пандемиясында кымбатчылык каптап, базар баасы 2020-жылдын жазынан бери улам жогорулап жатат.

Улуттук банк жакынкы айларда инфляция 10% ашпайт деп 2021-жылдын февралында болжолдоп, жылдын аягында 7% чейин төмөндөй турганын билдирген. Бирок май айындагы божомол боюнча сентябрга чейин инфляция 11% деңгээлинде болору, жыл соңунда 9% чейин төмөндөй турганы айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз