Понедельник, 6 мая

Быйыл ЖОЖдорго тапшыруу онлайн режимде өтөт

0

2021-жылы жогорку окуу жайларга тапшыруу былтыркыдай онлайн режиминде өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, сынакка катышуу үчүн бүтүрүүчүлөр www.2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы “Абитуриент онлайн” автоматтык маалыматтык тутуму аркылуу билдирме бериши керек.

«Аталган сайтта ЖОЖдорго тапшыруу үчүн онлайн-каттоо боюнча бардык маалыматтар камтылган. Катталуу боюнча бардык видео көрсөтмөлөр жүктөлгөн. Абитуриенттер, билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн дагы жеке кабинетке кирүү үчүн логин жана паролдор алынган», — деди ал.

«Учурда порталга республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн 94% катталды», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз