Вторник, 14 мая

Коронавирустун «дельта» штаммы дүйнөнү кооптондурууда

0

Коронавирустун «дельта» варианты дүйнөнүн баш ооруткан штаммы болушу мүмкүн, ал мурдагы SARS-CoV-2ге караганда эки эсе жугуштуу. Бул туурасында РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы илимий  кызматкери Сумия Сваминатанга таянып жазды.

Анын айтымында, алгач «дельта» штаммы Индияда катталган. Бирок азыр ал 85 мамлекеттен ашык өлкөгө кулачын жайды.

«Аталган штаммдын башкы кесепети — жок эле дегенде баштапкы штаммга салыштырмалуу эки эсе жугуштуу», — деген Сваминатан.

Окумуштуу «дельта» штаммын алып жүргөн бейтап эки, төрт, алты, ал тургай сегиз кишиге илдет жуктурушу ыктымал экенин белгилеген. Анын айтымында, ошол себептен коронавирусту бир үй-бүлө толугу менен жуктуруп алган учурлар көп катталып жатат.

«Көңүл жылыткан жаңылык — вакциналардын көбүнүн натыйжалуу болуп жатканы. Эмделген киши дартты жеңилирээк көтөрөт», — деген ДССУ өкүлү.

Адис эмделгенге карабай коронавирустун бардык штаммы менен күрөшүү үчүн эл бет кап тагынып, аралыкты сакташы керектигин эскерткен.

ДССУнун маалыматына караганда, коронавирустун «индиялык» штаммы же болбосо «дельта» деп аталган түрү 2020-жылдын 5-октябрында Индиянын Нагпур шаарында биринчи ирет аныкталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз