Вторник, 14 мая

Сутка ичинде коронавирус дагы 992 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 992 адамдан табылып, алты бейтап көз жумду. Ал эми сакайып кеткендердин саны 550гө жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 567;

Ош шаары – 34;

Чүй облусу – 137;

Ош облусу – 42;

Талас облусу – 13;

Нарын облусу – 22;

Ысык-Көл облусу – 28;

Жалал-Абад – 84;

Баткен облусу – 65.

Сакайгандар:

Бишкек шаары – 230;

Ош шаары – 57;

Чүй облусу – 60;

Ош облусу – 67;

Талас облусу – 8;

Нарын облусу – 15;

Ысык-Көл облусу – 36;

Жалал-Абад облусу – 52;

Баткен облусу – 25.

Тилекке каршы, вирус өткөн суткада алты кишинин өмүрүн алды. Анын ичинен үчөө Бишкек шаарынын, экөө Жалал-Абад облусунун, бири Чүй облусунун тургундары болгон. Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун саны 1 977ге жетти.

Республика боюнча COVID-19 башталгандан бери жалпысынан 120 865 киши вирус жуктурду. Анын ичинен 108 465 киши сакайып кетти.

Стационарларда ушул тапта 2 995 киши дарыланып жатат. Анын ичинен 899унун абалы оор, 127 киши өтө оор абалда жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз