Вторник, 14 мая

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга кетти

0

Бүгүн 27-июнда президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга эки күндүк расмий иш сапар менен жөнөп кетти.

Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Жапаров 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулай турганы жазылган.

Жапаров мындан тышкары кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат. Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат.

Андан ары 28-29-июнь күндөрү Тажикстанга расмий иш сапар менен барат. Тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт.

Садыр Жапаров буга чейин Борбор Азиядагы мамлекеттерден Өзбекстанга жана Казакстанга барган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз