Вторник, 14 мая

Жакында Москвадагы мигранттар коронавируска каршы эмдөө ала алат

0

Коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасы жакынкы күндөрү толугу менен каттоодон өтүп, ошондон тарта Москва шаарында эмгек мигранттарын эмдөө жайлары ачылат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Анастасия Раковага таянып РИА Новости жазды.

«Москва облусунда иштеген эмгек мигранттары жана башка чет элдиктер эмдөө пунктуларынан акысыз вакцина алса болот. Анүчүн каттоосу жана медициналык камсыздоо полиси болушу шарт. Бул документтери жок мигранттар федералдык мыйзамга ылайык акысыз вакцина ала албайт», — деп айтылат билдирүүдө.

«Спутник Лайт» Гамалея борбору Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) менен биргеликте иштеп чыккан «Спутник» вакцина топтомуна кирет.

Учурда Орусияда «Спутник V», «ЭпиВакКорона» жана «Вектор» вакциналары колдонулуп келет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз