Пятница, 3 мая

Кыргызстандагы үч аэропортко чектөөлөр киргизилди

0

Кыргызстандагы «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору жүргүнчү тосуп алгандар менен узаткандарга чектөө койду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аба майдандардын имаратына көрсөтүлгөн күн боюнча учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат.

Мындай чара эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында көрүлүп жатканы белгиленди.

Чектөөлөр өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин улантылат.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы жүргүнчүлөр менен кызматкерлердин коопсуздугу үчүн кабыл алынган бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз