Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн кошумча орундар даярдалды, оорулууларды жаткыруу үчүн 124 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Маалымат бүгүн, 28-июнь, саат 8:00гө карата берилди.
Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 1;
№2 клиникалык төрөт үйү — 6;
№1 шаардык клиникалык оорукана — 19;
№6 шаардык клиникалык оорукана — 1;
Улуттук кардиология жана терапия борбору — 7;
Улуттук онкология жана гематология борбору — 7;
Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10;
Республикалык наркология борбору — 7;
Улуттук фтизиатрия борбору — 1;
Аскер госпиталы — 65.