Суббота, 21 сентября

Сутка ичинде коронавирус дагы 1092 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 92 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде Бишкек шаарында – 602, Ош шаарында – 60, Чүй облусу – 177, Ош облусу – 47, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 12, Ысык-Көл облусу – 26, Жалал-Абад облусу – 83, Баткен облусу – 70 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 558 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 226, Ош шаарында – 100, Чүй облусунда – 101, Ош облусунда – 46, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 21, Баткен облусунда – 21 адам», — деди министрдин орун басары.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 жана Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 209 бейтап, амбулатордук түрдө 7 миң 248 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 123 038 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 109 миң 511 киши айыгып чыкса, 1 миң 992 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз