Суббота, 11 мая

Орусиядагы мигранттарды эмдөө башталды

0

Москвадагы Сахарово миграциялык борборунда мигранттарды бир дозадан турган “Спутник лайт” вакцинасы менен эмдөө башталды. Препаратты Орусиядагы Гамалеи атындагы борбор иштеп чыккан.

“Бул “Спутник V” вакцинасына салыштырмалуу натыйжасы азыраак болушу мүмкүн. Антсе дагы анын оң натыйжасы бар. Мигранттардын көбү дайыма кыймылда болот, чек арадан тез каттап, тез жамаат алмаштырат. “Спутник Лайт” бир жолу сайылат жана мындан улам аларды эмдөө ылдам жүрөт”, -деди Москванын мэри Сергей Собянин аталган миграциялык борборго барган учурда.

Мэрдин сайтындагы маалыматка ылайык, мигранттарды эмдөө пилоттук режимде, иш берүүчүлөрдүн арыз-кайрылуусунун негизинде жүрөт.

Орусияда ушул айдын башынан тартып коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Мындан улам Москва баштаган бир катар шаар-аймактарда тейлөө тармагында иштегендер сөзсүз вакцина алышы керек деген жобо кирген.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда ушул тушта 700 миңден көп кыргызстандык жаран иштеп жүрөт. Бейрасмий булактарда алырдын саны бир миллиондон ашат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз