Пятница, 22 ноября

Сутка ичинде коронавирус 1392 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 392 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 803, Ош шаарында – 78, Чүй облусунда – 197, Ош облусунда – 60, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 97, Баткен облусунда – 83 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 616 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 258, Ош шаарында – 112, Чүй облусунда – 80, Ош облусунда – 101, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда – 16 адам», — деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Баткен облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 353 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 55 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 337 бейтаптын абалы орто оордукта, 1 миң 3 адамдын абалы оор жана 188 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 126 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 110 миң 698 киши айыгып чыкса, 2 миң 9 адам каза болду.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз