УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда автоунаалардын тыгыны жаралганын айтып, бирок абал туруктуу экенин билдирди.
Чек ара кызматы бардык пунктулар кадимки тартипте иштеп жатканын белгиледи.
«Ак-Тилек» пунктунда автоунаалардын тыгыны бар. Азыркы тапта 119 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Мындай көрүнүш айрыкча дем алыш жана базар күндөрү көп болот», — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы Кыргызстандын аймагына жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө жок экенин белгилеп, жеңил автоунаалар менен жөө адамдар тоскоолдуксуз өтүп жатканын кошумчалады. Ал эми башка өткөрүү-көзөмөл пунктуларында мындай тыгын катталган эмес. Атайын кызмат айдоочуларды абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырып кеткен.