Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанда коронавирус дагы 1352 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 352 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 803, Ош шаарында – 42, Чүй облусунда – 189 , Ош облусунда – 67, Талас облусунда – 29, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 80, Баткен облусунда – 81 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 665 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 293, Ош шаарында – 80, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 70, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 71, Баткен облусунда – 9 адам», — деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында — 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 864 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 318 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 514 бейтаптын абалы орто оордукта, 1 миң 97 адамдын абалы оор жана 174 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 129 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 111 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 27 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз