Суббота, 18 мая

Нуржан Шайлдабекова кайрадан БШКга төрайым болду

0

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрайымы болуп кайрадан Нуржан Шайлдабекова шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык 2-июлда КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы болуп өттү.

“КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык биринчи жыйналышта төраганы жана анын орун басарларын шайлоо маселеси каралып, БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Нуржан Шайлдабекова 11 добуш менен КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы болуп шайланды.

Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымынын орун басарлыгына шайланышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз