Понедельник, 20 мая

ДССУ: «Коронавирустун дельта штаммы 100гө жакын өлкөдө аныкталды»

0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биринчи жолу Индияда байкалган коронавирустун Дельта вариантынын 100гө жакын өлкөдө жана аймактарда кездешкенин жарыялады.

China Global Television Network (CGTN) жаңылыктарына ылайык, ДССУнун баш катчысы Тедрос Аданом Гебреисус өз билдирүүсүндө, дагы оңой жуккандыгы аныкталган Дельта вариантынын кеминде 98 мамлекетте байкалганын эскертти.

Вакцинация деңгээли төмөн жана жогору болгон өлкөлөрдө варианттын тез жайылып жаткандыгын айткан Гебреисус, Дельта вариантынын кооптуу экендигин жана мутациясын улантып жаткандыгын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз