Пятница, 17 мая

Эрдоган Орхан Инанды Түркияга алынып келгенин билдирди

0

Орхан Инанды кармалып Түркияга жеткирилгенин өлкө президенти Реджеп Таййип Эрдоган билдиргенин TRT-HABER агенттиги жазды.

«Атайын кызматыбыздын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптуусу Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Кийин бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз», — деген Эрдоган.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майда Бишкекте жоголгон. Милиция «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Сапат» билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз