Воскресенье, 19 мая

Шавкат Мирзиёев өлкө жарандарын жеке өзү кабыл алат

0

Ташкентте 1-апрелден тартып Шавкат Мирзиёевдин жарандарды жеке өзү кабыл ала турган кабылдамасынын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин Администрациясынын Элдик кабылдамасынын башчысы  Бахтиер Жамалов билдирди.

Чиновниктин айтуусунда, кезекке алгачкы болуп жазылган жарандар менен президент Мирзиёев жеке өзү жолугуп, алардын сунушу менен арызын угат.

Андан соң мындай кабыл алуулар онлайн-көрсөтүү түрүндө болуп, мүмкүнчүлүккө жараша жеке маектешүүлөр уюштуруларын Centre1 билдирди.

Президенттин кабылдамасы жайгаша турган имарат толук оңдолуп, зарыл видеожабдыктар менен камсыздалган, мындан тышкары кабыл алуу жана күтүү залдары, ошондой эле телекөпүрө өткөрүү үчүн баардык шарттар бар экендигин айтты. Б. Жамалов.

Азырынча ак материал менен жабылып турган имараттын эшигинде президенттин жарандарды кабыл алуу графиги, ошондой эле өкмөттүн башка жетекчилери кабыл ала турган маалымат бар.

Жамаловдун билдирүүсүндө, азыркы учурда президенттин кабыл алуусу үчүн жарандардын 20 кайрылуусу тандалып алынды. Алардын баардыгы менен Мирзиёев жеке өзү жолугушат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз