Пятница, 11 апреля

Сирия  БУУнун Коопсуздук кеңешинин Голан боюнча чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды

0

Бул чакырык АКШнын Израилдин сириялык аймакта эгемендүүлүгүн тааныган чечимине жооп катары жасалды.

Сирия БУУнун Коопсуздук кеңешин окуппацияланган Голан дөңсөөлөрүнүн тегерегинде кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрүүгө чакырды.

Чакырык Сириянын БУУдагы туруктуу өкүлү тарабынан АКШнын Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү эгемендүүлүгүн тааныгандыгына жооп катары жарыяланды.

Президент Дональд Трамп Израилдин  премьер-министри  Биньямин Нетаньяхунун катышуусунда Ак үйдө “АКШнын Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү эгемендүүлүгүн расмий тааныгандыгы тууралуу” буйрукка кол койду.

Документте кол койгондон кийин сүйлөгөн сөзүндө Трамп АКШ “Израилдин өзүн коргоо укугун коргой тургандыгын” белгиледи. Израиль  сириялык Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылдан бери оккупациялап келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз