Пятница, 17 мая

Бүгүн коронавирус 1198 адамдан табылды

0

 Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 198 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде Бишкек шаарында – 717, Ош шаарында – 60, Чүй облусунда – 142, Ош облусунда – 75, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 20, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 53, Баткен облусунда – 88 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 781 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 358, Ош шаарында – 73, Чүй облусунда – 99, Ош облусунда – 94, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 62, Баткен облусунда – 31 бейтап айыкты», — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 2 жана Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 253 бейтап, амбулатордук түрдө 12 315 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 134 миң 501 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 114 миң 756 киши айыгып чыкса, 2 миң 63 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз