Вторник, 21 мая

Түркиянын ФЕТО уюмуна каршы күрөшү

0

Түркиянын президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып, ФЕТО террордук уюмдун Орто Азиядагы негизги жетекчилеринин бири Орхан Инандынын Түркияга алынып келингенин билдирди. Эрдоган «Атайын кызматыбыздын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптусу Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келди. Бул киши ФЕТО кыймылынын анабашчыларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз», — деди.
Түркия ондогон жылдардан бери терроризм менен күрөштү улантууда. Анткени Түркия терроризмден эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн баш сабында келет. Акыркы элүү жылда террористтик уюмдар 40 миңден ашуун түрк жаранын өлтүрдү. Терроризм өлкө экономикасына 100 миллиард доллардан ашуун зыян тарттырды. Андыктан, терроризм менен күрөшүү Түркиянын коопсуздугун камсыз кылуунун эн маанилүү багыты болуп эсептелинет.
Түркия республикасында төмөнкү уюмдарга соттун чечими менен тыйуу салынган:
• Ынкылапчы элдик эркиндик партиясы (DHKP/C)
• Маочул коммунисттик партия (MKP)
• Түркия коммунисттик партиясы-марксист/ленинист (TKP/ML)
• Марксисттик-ленинисттик коммунисттик партиясы (MLKP)
• Курдистан жумушчу партиясы (PKK)
• Курдистан ынкылап партиясы (PŞK)
• Фетхуллахчыл террористтик уюму (FETÖ)
• Курдистан демократиялык партиясы/түндүк тармагы (PDK/Bakur)
• Курдистан эркиндик бүркүттөрү (TAK)
• Хизбуллах
• Халифат мамлекети (HD)
• Исламчыл улуу чыгыш Догу Акынжылар фронту (İBDA/C)
• Тавхид салам уюму/Кудус аскерлери
• Аль- Каида террордук уюму
• ДАЕШ (IŞİD/DAEŞ)
Түркия үчүн ДАЕШ, PKK, Аль-Каида кандай террордук уюм болсо, Фетхуллах Гүлен жетектеген ФЕТО уюму да дал ошондой террордук уюм болуп эсептелинет. Себеби ФЕТО уюму, 15 июль 2016-жылы Түркиянын бийлигин өзүнө каратып алуу максатында өкмөткө каршы төңкөрүш уюштурган. Төңкөрүш аракети 2016-жылдын 15-июлунда кечке жуук башталган. Алгач Стамбул шаарындагы Богазичи көпүрөсү гүленчи аскерлер тарабынан тосулуп, ал жердеги адамдарга ок атылып, Түркиянын парламентине, Анкаранын Ички коопсуздук башкармалыгына, Чалгындоо кызматына, Полициянын атайын даярдыктагы отрядынын штабына бомба жана ракеталар менен сокку жасалган. Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга кол салуу аракети уюштурулуп, анын резиденциясына ракета атылып, жогорку рангдагы аскерий жетекчилер барымтага алынган. Кан менен коштолгон бул төңкөрүш аракети капыстан эле болуп кеткен деп айтуу мүмкүн эмес. ФЕТО уюму тарабынан аскердик төңкөрүш алдын ала даярдалган, ийне-жибине чейин пландалган жана мамлекеттик башкарууну толук түрдө колго алуу максат кылынган.
Фетхуллах Гүлендин уюмунун мүчөлөрү тарабынан ишке ашырылган бул кандуу төңкөрүш аракети Түркия өлкөсүнө материалдык жактан да, моралдык жактан бир топ зыяндарды алып келген. Бир суткага жакын созулган бул төңкөрүш аракети учурунда 248 адамдын өмүрү кыйылган. 180 жөнөкөй жаран, 62 полиция кызматкери, 6 аскер окко учкан. 2193 адам ар түрдүү жаракат алган. Алардын 40% төңкөрүшчүлөрдүн огунан, 20% шрапнелден, 8% төңкөрүшчүлөрдүн аскердик техникаларына тепселген, 7% вертолеттон атылган октон, калганы төңкөрүшчүлөрдүн колдорундагы куралдан жаракат алган.
Төңкөрүш аракетине 8651 аскер кызматкери (анын ичинен 1676 офицер), 1214 аскердик академиянын курсанты катышкан. Ал эми төңкөрүш кылууга белсенгендердин ичинен 35 киши өлүп, 49 киши жаракат алган. Төңкөрүшчүлөр тарабынан 3992 ок атуучу курал, 74 таңк, 246 аскердик унаа, 37 аскердик тик учак, 24 F16 чабуул учагы, 11 учак, 3 согуш кемеси колдонулган.
Төңкөрүш аракетин Фетхуллах Гүлен террордук уюму (FETÖ) уюштурганы сот тарабынан аныкталып, бул уюмдун өлкөдөгү бардык иш-аракеттерине тыюу салынган.
1970-жылдардан тарта Түркияда диний топ катары калыптанып, бирок акырындап алдына саясий мүдөөлөрдү коюп, алгач бизнес чөйрөсүн көзөмөлдөп, андан соң 1990-жылдарда саясатка аралашып, 2000-жылдан тарта билим берүү, куралдуу күчтөр, ички иштер органдарын жана сот системасын ээлеген ФЕТО уюмунун канчалык коркунучтуу экенин түрк бийлиги кеч баамдаган. ФЕТОнун 2016-жылдын 15-июлдагы бийликти төңкөрүү аракети бул уюмдун эмне үчүн террористтик уюм болгонун далилдеген. Бул топтун кандайча түптөлгөнү, кимдерден колдоо алганы, кандайча жашыруун уюмдашканы илимпоздор жана күч органдары тарабынан иликтенип, далилденген жана соттун чечими менен тастыкталган.
Советтик бийлик кулаган соң Фетхуллах Гүлен уюму өзүнүн тамырын КМШ өлкөлөрүнө жайбай койбойт эле. Батыш өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган бул топ геосаясий максатта да кызмат кылмак болчу. New York Times журналы сыяктуу көптөгөн массалык маалымат каражаттары жазгандай, ФЕТОнун мектептери АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) уясына айланган.
Гүлен уюму 1990-жылдан баштап Россияда жана Борбордук Азия мамлекеттеринде лицейлерди ачкан. Бирок Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) бул топтон алгачкы күндөн тарта эле күмөн санап, 2003-жылдан баштап Фетхуллах Гүлендин Москва, Санкт-Петербург сыяктуу шаарлардагы мектептерин жаап, 2008-жылы бул уюмга Россиянын аймагында толук тыюу салган.
Өзбекстан да бул уюмдун коркунучтуу экенин Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен алгачкылардан болуп баамдаган. Кыска убакыттын ичинде саны 16га жеткен Фетхуллах Гүлендин мектептерин өзбек бийлиги жалаң гана байлардын балдарын окутат жана жашыруун максаттарга ээ деген жүйө менен жапкан. 2011-2012-жылдары кайра жандана баштаган Фетхуллах Гүлен уюмунун ишканалары текшерилип, 51 киши алдамчылык жана салыктан качуу беренелери боюнча жоопко тартылган.
Тажикстан жана Түркмөнстанда да гүленчилердин ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, экономикалык кылмыштарды жасагандыгы үчүн Фетхуллах Гүлен уюмунун ондогон мүчөсү түрмөгө кесилген. Тажикстандагы “Шалола” мектептери жабылып, мүлкү мамлекетке өткөрүлгөн. Ашхабаддагы Түркмөн-түрк мектеби Түркиядагы төнкөрүштөн кийин жабылган.
Казакстанда 1992-жылдан баштап ачылган окуу жайлардын саны 30га жакын жана алар KATEV фондуна тиешелүү болуп эсептелинет. Бул окуу жайларды бүтүргөн миңдеген жаштар саясат жана бизнес чөйрөсүндө өздөрүнө аябагандай чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн.
Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда ФЕТОнун терең тамыр жайганы байкалат. Дин, соода, бизнес жана саясат чөйрөсүндөгү таасири 2010-жылдардагы Түркияны эске салат.
2016-жылкы төңкөрүштөн кийин бул уюмга Түркия, Афганистан, Пакистан сыяктуу мамлекеттерде тыюу салынып, Перси булуңундагы арап өлкөлөрдүн биримдиги, Ислам кызматташтык уюму тарабынан террористтик деп таанылган. Улуттар Биримдигинде ФЕТОго тиешелүү уюм жана мекемелердин кеңеш берүү статусу алынып салынган.
ФЕТО, дин жана билим берүүнү жамынып болушунча бийлик жана байлыкка ээ болууну самаган, эл аралык чалгын кызматтары менен бирге маалымат топтоону жана геосаясий максаттарга жетүүнү көздөгөн чоң долбоор болуп эсептелинет. ФЕТО Түркияга 2016-жылы кол салды. Кол салуу убактысы кокусунан тандалып алынган эмес. Ал Түркиянын чыныгы көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүү, батыш таасиринен чыгуу аракети күчөгөн мезгилде жасалган.
Түркия террордук уюмдарга каршы күрөшүн улантууда чечкиндүү экенин көрсөтүүдө. ФЕТО уюмунун жетекчилери кайсыл өлкөдө болсо да, алар түрк атайын кызматтары тарабынан кармалып, Түркиянын сотторуна тапшырылууда. ФЕТОну активдүү колдоп, бул топтун башкаруу жана финансылык иштерине катышы бар кишилер Түркиядан башка мамлекеттерге качып чыгып ал жактын жарандыгын алып алганы белгилүү. Бирок террористтин улуту жана дини, өзгөчө жарандыгы болбойт эмеспи. Террорист кайсыл жака барса да террорист болуп эсептелинет жана ал сөзсүз түрдө жазага тартылышы абзел.

Бектур Курманалиев — Саясат таануучу, коопсуздук боюнча эксперт

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз