Суббота, 21 сентября

Сутка ичинде коронавирус 1238 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 238 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде Бишкек шаарында – 693, Ош шаарында – 67, Чүй облусунда – 151, Ош облусунда – 82, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 86, Баткен облусунда – 89 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 757 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 401, Ош шаарында – 79, Чүй облусунда – 101, Ош облусунда – 44, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 74, Баткен облусунда – 25 бейтап айыкты», — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 525 бейтап, амбулатордук түрдө 12 506 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 135 миң 739 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 115 миң 513 киши айыгып чыкса, 2 миң 73 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз