Суббота, 20 апреля

Этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жарандыгын берүү жеңилдетилди

0

Президент Садыр Жапаров этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жобосу тууралуу буйрукка кол койду.

Ага ылайык, документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азаят. Буга байланыштуу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди. Президентинин администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы ай сайын берип турат. Президенттин буйругу 2022-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Ушул жылдын апрель айында Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол коюп, 111 адамга жарандык берилген.

Былтыр 1400гө чукул адам жарандык алган жана алардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз