Пятница, 3 мая

Бүгүн коронавирус дагы 1295 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 295 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 788, Ош шаарында – 51, Чүй облусунда – 160, Ош облусунда – 38, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 64, Баткен облусунда – 103 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 892 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 423, Ош шаарында – 48, Чүй облусунда – 131, Ош облусунда – 86, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абад облусунда – 107, Баткен облусунда – 52 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда эки, Ош облусунда бир жана Ош шаарында бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 585 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 282 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 138 мин 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 117 миң 250 киши айыгып чыкса, 2 миң 93 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз