Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 295 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 761, Ош шаарында – 46, Чүй облусунда – 139, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 32, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 98, Баткен облусунда – 114 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 758 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 420, Ош шаарында – 84, Чүй облусунда – 95, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 79, Баткен облусунда – 22, Нарын облусунда – 10 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Ош шаарында бир бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 636 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 741 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 139 мин 648 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 118 миң 8 киши айыгып чыкса, 2 миң 102 адам каза болду.