Суббота, 4 мая

Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин 17си тизмеден чыгарылды

0

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого талапкерлигин көрсөткөн 17 жаран тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешке 18 партиядан 1 миң 258 талапкер тизмеге катталган.

“Бүгүнкү күндө 1 миң 238 талапкер катталган. 17 жаран тизмеден чыгуу боюнча өз арыздарын жазган”, — дейт ал. Стамов Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ экендигин айтат.

“Кечээ тилкеден тышкары 2 миң 277 шайлоочу добуш берди”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз