Суббота, 18 мая

Италия футболдон Европа чемпиону болду

0

Футбол боюнча Италия курама командасы Англияны утуп 2020-жылдагы Европа чемпиону болду. Мелдештин финалдык беттеши дүйшөмбүгө караган түнү Лондондо өттү.

Оюндун үчүнчү эле мүнөтүндө англиялыктардын коргоочусу Люк Шоу эсепти ачып, командасын алга чыгарды. Экинчи бөлүктө (67-мүнөт) италиялыктардын коргоочусу Леонардо Бонуччи гол киргизип эсепти теңеди. Негизги бөлүктө жана кошумча берилген экстра-таймда гол болгон жок. Жеңүүчү пенальтилер сериясынан аныкталды. Мында италиялыктар мыкты болуп, 3:2 эсеби менен утуп кетти.

Континенттеги эң маанилүү футболдук мелдештин быйылкы финалын Бьорн Куйперс жетектеген калыстар тобу тейледи.

Евро-2020 мелдеши өткөн жылдын жай айына белгиленген болчу. Коронавирус пандемиясынан улам ал 2021-жылга калтырылган. Оюндар 11-июндан тартып Европанын бир катар шаарларында болду. Жарым финалдык беттештер жана алтын медаль үчүн чечүүчү оюн Лондондогу «Уэмбли» стадионунда өттү. Финалдык оюнга 67 миңден ашуун көрүүчү киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз