Суббота, 4 мая

Кыргызстанга 1 миллион 250 миң Sinopharm вакцинасы алып келинди

0

Кыргызстанга кечээ, 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинди. Анын 150 миңин Бээжин жардам иретинде акысыз берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алганы расмий кабарланды.

Sinopharm вакцинасы 12-июлда бүт аймактарга жеткирилет. Бейтапканалардан тышкары мектептерде, маданият үйлөрүндө, соода борборлорунда жана парктарда да вакцина алуучу жайлар уюштурулду. Препараттар атайын термоконтейнерлерде сакталат.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтуусунда өлкө боюнча 847 эмдөө пункту иштейт.

Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы Sputnik-V вакцинаcын алган. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Учурда өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмделгендердин саны 129 миңден ашты. Алардын 84 миңден көбү эки дозасын тең алды (вакцина бир адамга эки дозада сайылат, ортодогу аралык үч жума болот).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз