Воскресенье, 19 мая

Эмдөө алуу үчүн катталуу онлайн түрүндө да жүргүзүлөт

0

Жакынкы күндөрү коронавируска каршы эмдөөгө жазылуу онлайн түрдө жеткиликтүү болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда ыктыярчылар окууларын аяктоонун алдында турушат.

“Алар өз алдынча эмдөөгө каттала албай жаткан же мүмкүнчүлүгү жок жарандарга жардам көрсөтөт. Мындан тышкары, жарандар “118” кызматы аркылуу да кайрыла алат”, — дейт ал.

Бакашова белгилегендей, “Түндүк” электрондук порталы аркылуу коронавируска каршы вакцинадан өткөндүгү тууралуу электрондук сертификат берүү сервиси иштелип чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз