Суббота, 18 мая

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 1398 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 398 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 773, Ош шаарында – 67, Чүй облусунда – 177, Ош облусунда – 73, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 111, Баткен облусунда – 119 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 37 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 593, Ош шаарында – 43, Чүй облусунда – 117, Ош облусунда – 94, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 83, Баткен облусунда – 59 бейтап айыгып чыкты», — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 675 бейтап, амбулатордук түрдө 14 миң 952 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 143 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 120 миң 731 киши айыгып чыкса, 2 миң 133 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз