Воскресенье, 5 мая

Ош: 5 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

0

Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып беш партия аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Улуу-Журт» партиясынын өкүлү Мирлан Орозбаев билдирди.

Арызды алдын ала жыйынтык боюнча мандат албай калган «Келечек — Будущее», «Нур» «Улуу-Журт», «Бүтүн Кыргызстан» жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган «Ынтымак» партиясы жазган. Аталган партиялардын өкүлдөрү 11-июлда өткөн шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталгандыгын, ар бир партияда далилдер бар экенин айтууда.

Ал эми Ош аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиялардын талабы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз