Суббота, 4 мая

Москвадан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылат

0

Москвадан Ысык-Көлгө жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Москвадан алгачкы каттамды 15-июлда тосуп алмакчы.

Москва — Тамчы — Москва каттамын «Аэрофлот» авиакомпаниясы дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жумасына үч ирет жүргүзүүнү пландоодо.

Маалыматта баа саясатын учууларды ишке ашырган компания ички эрежелерине ылайык аныктай турганы кошумчаланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз