Кытайда мейманкананын кулашынан улам каза болгондордун саны 17ге жетти.
12-июлга караган түнү Сянсу провинциясынын Суку шаарында кулаган мейманканада издөө-куткаруу иштери аяктады.
Суку шаарынын жетекчилиги 23 адамдын урандылардын астынан чыгарылганын, алардын 17синин каза болгонун билдирди.
Куткарылган 6 адамдын 5и ооруканага жаткырылды.
Бийлик мейманкананын кулашынын себеби боюнча тергөө иштеринин башталарын билдирди.
54 бөлмөлүү мейманкана 2018-жылы пайдаланууга берилген.